# КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2427/edition/1289738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111616

---

КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 17-июну № 105 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2017-жылдын 10-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-1)

"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө";

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн, ошондой эле сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуунун жана керектөөнүн укуктук негиздерин белгилейт.";

3) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

"сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер - атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер;";

4) 7-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "200,0" деген цифралар "100,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "50,0 миң далдан кем эмес арак" деген сөздөр "25,0 миң далдан кем эмес сандагы алкоголдук продукция" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 121-бөлүк менен толукталсын:

"121. Сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерге атайын багыттагы сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктер, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер кирет.";

6) 13-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди дүң жана чекене сатуунун тартиби";

б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Алкоголдук продукцияны" деген сөздөрдөн кийин ", сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-2)

(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 27-июнунда № 76 (2801) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
