# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111615)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111615/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2426/edition/1289744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111615/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111615/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3015-статья менен толукталсын:

"3015-статья. Тамеки заттарына минималдуу чекене бааларды жөнгө салуучу мыйзамдарды сактабоо Тамеки заттарын чекене соодада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тамеки заттарына минималдуу чекене баалардан төмөн баа боюнча сатуу, - тамеки заттарын конфискациялоо менен жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 508-статьянын 1-бөлүгү "3014," деген цифралардан кийин "3015," деген цифралар менен толукталсын;

3) 535-статьянын 1-бөлүгү "3014," деген цифралардан кийин "3015," деген цифралар менен толукталсын;

4) 5561-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы "3014," деген цифралардан кийин "3015" деген цифралар менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111615/st-2)
