# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111614)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111614/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2425/edition/1120170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111614/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111614/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3001-статья менен толукталсын:

"3001-статья. Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу, ага тете тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө. Тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз алып келүү, - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.";

2) 508-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;

3) 535-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;

4) 545-статьянын 1-бөлүгү "2291-статьяда" деген сөздөн кийин "жана 3001-статьянын 2-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын;

5) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

а) он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген сөздөрдөн кийин "3001-статьянын 2-бөлүгү," деген сөздөр менен толукталсын;

6) жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111614/st-2)
