# КР 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2423/edition/809980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 14-июнундагы № 101 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111612

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 14-июну № 101 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 4-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111612/st-1)

"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 17-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "г" пункту менен толукталсын:

"г) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.";

2) 26-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "д" пункту менен толукталсын:

"д) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 процент өлчөмүндө.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111612/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда № 75 (2800) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
