# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111611)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 14-июну № 102 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2422/edition/1289733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111611/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 50-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө:

бөлүк "үчүн" деген сөздөн кийин "төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пунктунда "которулушу мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;

б) 3-бөлүгүндө:

мамлекеттик тилдеги бөлүгү "Төмөндөгүлөр" деген сөздөн кийин "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр менен толукталсын;

в) мамлекеттик тилдеги 2-пунктунда "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр алып салынсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын: "7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;

8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.";

2) 85-статьянын 5-бөлүгүндө "козголушу мүмкүн" деген сөздөр "козголот" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 145-статьянын 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт. Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-3)
