# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111611)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 14-июну № 102 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2422/edition/1289733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111611/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 69-статьясында:

а) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

"(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:

1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;

2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.";

в) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.";

г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111611/st-2)
