# 4-берене

- Документ: [Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111609)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 "Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2420/edition/1120164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111609/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-4

---

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-статьяда:

- 2-бөлүгүндө "3 жыл бою" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.";

- 5-бөлүгү "кызмат адамдары" деген сөздөрдөн кийин "жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-5)
