# КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 "Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 "Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2420/edition/1120164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 "Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 6-июну № 98 Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2017-жылдын 26-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-1)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-2)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3041-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө же андай кылбастан" деген сөздөр "мамлекеттик контролдоочу органдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-3)

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-4)

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-статьяда:

- 2-бөлүгүндө "3 жыл бою" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.";

- 5-бөлүгү "кызмат адамдары" деген сөздөрдөн кийин "жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен толукталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-5)

"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 22-беренеде:

- 1-бөлүгүндө "колдонуудагы мыйзамга ылайык" деген сөздөр "алардын күнөөсү сот тартибинде белгиленген учурдан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

- берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111609/st-6)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-июнунда № 71 (2796) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
