# 91-берене. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 91-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-91

---

1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун башкаруу чечимдерин, анын ичинде ыкчам же кечиктирилгис мүнөздөгү башка чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен анын ыкчам жана жумушчу кеңешмелери өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерин Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат.

Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча ыкчам жана жумушчу кеңешмелер Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өткөрүлүшү мүмкүн.

3. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелери, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

4. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелеринде чечимдер Коопсуздук кеңешинин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протоколдор менен таризделет.

5. Коопсуздук кеңешинин ыкчам жана жумушчу кеңешмелерине мамлекеттик органдардын жетекчилери жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-9)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-10)
