# 9-берене. Коопсуздук кенешинин жыйналышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 9-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-9

---

1. Коопсуздук кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы болуп анын жыйналышы саналат. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.

Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарынын күн тартиби жана маселелерди кароонун тартиби Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Коопсуздук кеңешинин Төрагасы тарабынан аныкталат.

2. Коопсуздук кеңешинин жыйналышын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат.

3. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналышына катышууга милдеттүү. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын ишинин жүрүшүндө жана чечимдерди кабыл алууда тең укуктарга ээ болот. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн өз ыйгарым укуктарын башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.

4. Эгерде Коопсуздук кеңешинин жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын же тар курамынын санынын көпчүлүгү катышса, жыйналыш ыйгарым укуктуу болуп саналат.

5. Коопсуздук кеңешинин чечимдери жыйналышка катышкан Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Коопсуздук кеңешинин Төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет.

6. Зарылдык болгондо күн тартибиндеги маселелер Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмелеринде алдын-ала талкууланат.

7. Коопсуздук кеңешинин жыйналышына мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери, ошондой эле талкуулануучу маселеге тикелей тиешеси бар башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

8. Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, тескемелери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары чыгарылышы мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-8)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-91)
