# 8-берене. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 8-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-8

---

1. Коопсуздук кеңешинин ишин тынчтык мезгилинде анын Катчылыгы, ал эми согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы камсыз кылат.

2. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

3. Катчылыктын жобосу, түзүмү жана штаттык ырааттамасы Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

4. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы зарылдык болгондо ведомстволор аралык комиссияларды түзөт, талдоочулук ишке мамлекеттик органдардын, менчигинин формасына карабастан илимий мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.

5. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-9)
