8-берене. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы
Күчүндө · 20.05.2022 редакциясы · 3-глава
1. Коопсуздук кеңешинин ишин тынчтык мезгилинде анын Катчылыгы, ал эми согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы камсыз кылат.
2. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Катчылыктын жобосу, түзүмү жана штаттык ырааттамасы Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы зарылдык болгондо ведомстволор аралык комиссияларды түзөт, талдоочулук ишке мамлекеттик органдардын, менчигинин формасына карабастан илимий мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.
5. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111608/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>