# 6-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 6-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин Төрагасы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын милдеттери Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти шайланганга жана кызматына киришкенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлөт.

3. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын аткаруусу мүмкүн болбогон учурда, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу адам аткарат.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-7)
