6-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасы
Күчүндө · 20.05.2022 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин Төрагасы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын милдеттери Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти шайланганга жана кызматына киришкенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлөт.
3. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын аткаруусу мүмкүн болбогон учурда, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу адам аткарат.
(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.05.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…учурда, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Премьер-министри кошулду: Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Премьер-министринин кошулду: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу адам аткарат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111608/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>