# 4-берене. Коопсуздук кеңешинин функциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 4-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-4

---

Коопсуздук кеңешинин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды айкындоо;

2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндө концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;

3) коргонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашыруу;

4) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жаатында тышкы жана ички саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн, өлкөдөгү социалдык-саясий жана экономикалык абалды, мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин ал-абалын, улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чукул кырдаалдарда мамлекеттин калкын жана аймагын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун талдоо жана баалоо;

5) Коопсуздук кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, ошондой эле алардын натыйжалуулугуна баа берүү;

6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда Кыргыз Республикасынын Президентине ыкчам реакция жасоо чаралары боюнча сунуштарды даярдоо;

7) коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;

8) коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлмөлөрүнүн жетекчилеринин отчётторун угуу;

9) Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну демилгелөө, ошондой эле кароо;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларынын, буйруктарынын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;

11) Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-5)
