4-берене. Коопсуздук кеңешинин функциялары
Күчүндө · 20.05.2022 редакциясы · 2-глава
Коопсуздук кеңешинин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды айкындоо;
2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндө концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;
3) коргонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашыруу;
4) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жаатында тышкы жана ички саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн, өлкөдөгү социалдык-саясий жана экономикалык абалды, мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин ал-абалын, улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чукул кырдаалдарда мамлекеттин калкын жана аймагын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун талдоо жана баалоо;
5) Коопсуздук кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, ошондой эле алардын натыйжалуулугуна баа берүү;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда Кыргыз Республикасынын Президентине ыкчам реакция жасоо чаралары боюнча сунуштарды даярдоо;
7) коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;
8) коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлмөлөрүнүн жетекчилеринин отчётторун угуу;
9) Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну демилгелөө, ошондой эле кароо;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларынын, буйруктарынын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
11) Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу.
(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 183 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.09.2018 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.07.2023 · № 170
- КР Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 165 "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.07.2013 · № 165
- КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы жөнүндө" Жарлыгына…Указ · 20.11.2017 · № 266
- КР Президентинин 2019-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 145 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички…Указ · 30.10.2019 · № 145 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111608/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>