# 3-берене. Коопсуздук кеңешинин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160181..1160182>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 3-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-3

---

Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:

1) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тышкы жана ички саясатты калыптандыруу жана анын ишке ашырылышын контролдоо;

2) улуттук кызыкчылыктарды коргоонун негизги багыттарын аныктоо, улуттук коопсуздукка коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларга бөгөт коюуга жана аларды жокко чыгарууга багытталган чараларды иштеп чыгуу;

3) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын ушул чөйрөдө иштеп жаткан мамлекеттик органдарды реформалоо же жаңыларын түзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен өркүндөтүү;

4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;

5) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык коллективдүү коопсуздук чараларын ишке ашыруу боюнча чечимдерди даярдоо;

6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар келип чыкканда ыкчам реакция жасоонун комплекстүү чараларын көрүү;

7) чукул абалды киргизүү, узартуу жана алып салуу жөнүндө, Кыргыз Республикасына агрессия же агрессиянын тикелей коркунучу болгон учурда, кийин маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү менен, жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону, согуш абалын жарыялоо, өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуштук абалды жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;

8) аскер кызматчыларын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматтан бошотулган адамдарды социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу;

9) коопсуздук жана коргонуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-4)
