# 16-берене. Корутунду жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 16-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-16

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 20-июнунда № 74 (2799) жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1005-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-январындагы № 7 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 7-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 293-ст.);

- "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын 7-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2017-жылдын 21-марты, № 38).

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-15)
