# 12-берене. Коопсуздук кеңешинин катчысынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 12-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-12

---

Коопсуздук кеңешинин катчысы:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине улуттук коопсуздуктун абалы жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт;

2) Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Коопсуздук кенешинин Төрагасынын жетекчилигинде Коопсуздук кеңешинин иш планын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт, Коопсуздук кеңешинин жыйналышына карата жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;

4) Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча, Коопсуздук кеңешинин ишине байланышкан маселелер боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде Коопсуздук кеңешинин атынан чыгат;

6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;

7) Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйналышынын датасы, өткөрүлүүчү орду жана күн тартиби жөнүндө күн мурдатан маалымдайт, аларды зарыл маалыматтык материалдар менен камсыз кылат;

8) Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт;

9) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин формасына карабастан илимий мекемелерден, ишканалардан жана уюмдардан Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу;

10) Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлмөлөрдү, укук коргоо органдарын инспекциялоону уюштурат, коргонууну жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракетин текшерүүнү, анын ичинде мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдардын адистерин тартуу менен текшерүүнү уюштурат;

11) ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду түзөт;

12) Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдер боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-13)
