# 11-берене. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 11-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-11

---

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:

1) Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына, күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга өздөрү катышат;

2) Коопсуздук кеңешинин иш планы, анын жыйналыштарынын күн тартиби жана аны талкуулоонун тартиби боюнча сунуштарды киргизет;

3) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшыруусу боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйналышында кароо үчүн материалдарды, анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат;

4) кабыл алынган чечимдерге макул болбогон учурда, өзүнүн өзгөчө пикирин билдирүү укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-12)
