# 10-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2022 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608#diff=1160183..1160184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 10-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-10

---

Коопсуздук кеңешинин Төрагасы:

1) Коопсуздук кеңешинин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

2) Коопсуздук кеңешинин иш планын жана анын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет;

3) Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрүүнүн убактысын жана ордун аныктайт;

4) Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына төрагалык кылат;

5) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди (концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу боюнча пландоочу жана директивалык документтерди бекитет;

6) өз демилгеси боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарын чакырат;

7) Коопсуздук кеңешинин катчысынын улуттук коопсуздуктун абалы жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө учурдук маалыматын угат;

8) Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилген маселелер боюнча материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;

9) Коопсуздук кеңешинин жыйналышында каралып жаткан маселе боюнча катышууга мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттерди жана адистерди чакырат;

10) Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурат; мамлекет башчыларынын жамааттык коопсуздук, аскердик кызматташтык, азыркы учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешмелерине катышат; коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге кол коёт;

11) тынчтыкты жана коопсуздукту кармап туруу боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен сырткары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;

12) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргонуу жана коопсуздук жаатындагы ишин координациялайт;

13) Коопсуздук кеңешинин эмблемасын түзөт.

(КР 2022-жылдын 20-майындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-91)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-11)
