# 1-берене. Коопсуздук кеңешинин укуктук статусу жана ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2419/edition/1160181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111608/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 1-берене (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-1

---

1. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн азыркы мезгилдин чакырыктарынан жана коркунучтарынан коргоого, анын узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясат маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111608/st-2)
