# 9-берене. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилинин токтотулушу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 9-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-9

---

1. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муктаждыктарга жана башка маалыматтарга, ошондой эле эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен консультациялардын жыйынтыктарына акыркы баа берүүгө таянуу менен, чукул кырдаалды жоюуда жардам көрсөтүүгө муктаждык жоюлгандыгына ынанса, жардам көрсөтүү боюнча утурумдук жумушка кандайча таасир кыларын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чукул кырдаалды жоюу боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасын белгилөөнүн зарылдыгы тууралуу кабарлайт.

Токтотуу баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын өткөрүүдө эл аралык чукул жардамды көрсөтүүнүн учурдагы мезгилинин колдонулушуна тиешеси болбошу керек.

2. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы көмөктөшүүчү субъекттерге аны токтотуунун болжонгон датасына чейин 30 күндөн кечиктирилбестен кулактандырылат.

3. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуу жөнүндө кулактандыруунун текстинде, эгерде зарыл болсо, баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү үчүн зарыл товарларга, жабдуу предметтерине, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болжолдонуучу муктаждыктар жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.

4. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди болтурбоо үчүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы кулактандырылгандан кийин, жардам көрсөтүү боюнча жумушка жигердүү тартылган көмөктөшүүчү субъекттер менен консультацияларды мезгил-мезгили менен өткөрүп турат.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-10)
