# 7-берене. Эл аралык чукул жардамды сунуштоо жана кабыл алуу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 7-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-7

---

1. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин киргизген сунушу ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынганда гана алар Кыргыз Республикасына эл аралык чукул жардам көрсөтө алат.

2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө кызыкдар эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер өздөрүнүн сунуштарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз же тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу жөнөтөт.

3. Сунушта жардам көрсөтүүнүн түрү, көлөмү, жардам көрсөтүүнүн ыкмасы жана болжолдуу узактыгы көрсөтүлөт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин сунуштарын карап чыгып, сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алышы же жардамдан баш тартышы мүмкүн.

5. Аскердик чөйрөнүн субъекттеринин ортомчулугу аркылуу жардам көрсөтүүнү мерчемдеген көмөктөшүүчү мамлекеттер ушул Мыйзамга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жана көмөктөшүүчү мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык сунуштарды киргизет.

6. Эл аралык чукул жардам берүү жөнүндө жалпы суроо-талап болбогондо эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер жеке демилгелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өздөрүнүн сунуштарын түздөн-түз же тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу жөнөтө алат.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык чукул жардам тууралуу сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуусунун мөөнөттүүлүгү конкреттүү жагдайга жараша аныкталат, бирок 10 күндөн ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-8)
