# 6-берене. Эл аралык чукул жардам көрсөтүү тууралуу суроо-талап

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 6-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-6

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам берүү тууралуу суроо-талапты дипломатиялык каналдар аркылуу жасайт.

2. Мындай суроо-талап айрым конкреттүү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге жөнөтүлүшү мүмкүн же бүтүндөй алганда эл аралык коомдоштукка даректелген жалпы суроо-талап болушу мүмкүн.

3. Жалпы суроо-талап эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы тиешелүү өкүлчүлүктөрүнө жөнөтүлөт.

4. Суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) чукул кырдаалдын орду, убактысы, мүнөзү, масштабдары жана учурдагы жагдай жөнүндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдаган зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегине ылайык талап кылынуучу жардамдын көлөмү жана түрү тууралуу маалымат;

2) көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан сунуштарды берүүнүн жана эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалымат.

5. Суроо-талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө көмөктөшүүчү субъектке бериле турган методикалык сунуштамалар менен коштолууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-7)
