# 5-берене. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 5-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-5

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана көмөктөшүүчү субъекттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүүнү жүзөгө ашырат.

Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, муктаждыктарга жана залалга баа берүүнүн методикасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Ири масштабдагы чукул кырдаал келип чыкканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган керектөөлөргө жана залалга баштапкы баа берүүгө таянуу менен, эл аралык чукул жардамга керектөөлөрдү канааттандырууну камсыз кылуу үчүн ички дараметтин жетиштүү болушунун ыктымалдуулук даражасын аныктайт.

Мындай корутунду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыктыяры боюнча, ыктымалдуулугу жогору ири масштабдуу чукул кырдаал келип чыкканга чейин чыгарылышы мүмкүн.

3. Чукул кырдаалдын масштабын эсепке алганда чукул кырдаалга реакция жасоонун ички дарамети жетишсиз боло тургандыгы тууралуу корутунду чыгарылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жасоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегин түзөт.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилдери башталгандан кийин зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегин жардам көрсөтө ала турган көмөктөшүүчү субъекттерге берет. Көрсөтүлгөн тизмек жаңы маалыматтардын келип түшүүсүнө, жагдайдын өзгөрүүсүнө жараша жаңыланып турат.

5. Ички дараметтин жетиштүүлүгү жана эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө зарылдыктын жоктугу тууралуу жаңы ыкчам маалыматтар алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган корутундуну кайра кароого укуктуу.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-6)
