# 4-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 4-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-4

---

1. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) чукул кырдаалдын натыйжасында жабыр тарткан мамлекеттин калкынын өтө зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу;

2) өлкөлөр жана элдер ортосундагы ынтымак байланыштарын бекемдөө;

3) Кыргыз Республикасын дүйнөлүк гуманитардык жана экономикалык процесстерге интеграциялоо;

4) гуманитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногун өздөштүрүү;

5) бирликтик кызыкчылыктарды калыптандыруу;

6) Кыргыз Республикасында чукул кырдаалдар келип чыкканда жооп иретиндеги жардамга эсеп кылуу мүмкүнчүлүгү.

2. Башка өлкөлөргө эл аралык чукул жардам көрсөтүү процессинде Кыргыз Республикасы эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин карманат.

3. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-5)
