# 35-берене. Көмөктөшүүчү субъекттердин өз милдеттүүлүктөрүн аткарбоосу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 35-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-35

---

1. Ушул Мыйзамдын жоболору көмөктөшүүчү субъект тарабынан бузулганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) көмөктөшүүчү субъектти өз ишин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүүгө;

2) конкреттүү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин ишине байланышкан учурларда, бул субъекттин эл аралык чукул жардам берүүсүнө берген Кыргыз Республикасынын макулдугун артка чакыртып алууга.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык артка чакыртып алуу чечими кабыл алынган учурда, эгерде эл аралык көмөктөшүүчү субъектте Кыргыз Республикасында болууну улантуу үчүн мыйзамдуу негиздер болбосо, ал кабардама алган датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен ага карата өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлушу мүмкүн.

3. Көмөктөшүүчү субъект мамлекеттик органдын тиешелүү чечимин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине же сотторуна даттана алат.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-34)  
Кийинки берене: [35-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-35-1)
