# 34-берене. Көмөктөшүүчү субъекттердин ишине мониторинг

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112651)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 34-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-34

---

1. Эл аралык чукул жардамды алуучу катары Кыргыз Республикасы эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан анын аймагында жүзөгө ашырылуучу эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-аракетке мониторингди жүзөгө ашыруу жана бул иш-аракетти координациялоо жагында эгемендүү укукка ээ болот.

2. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин ушул Мыйзамда каралган милдеттүүлүктөрдү сактоосуна мониторингди тиешелүү мамлекеттик органдар өз компетенциясына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Көмөктөшүүчү субъекттер мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөчө кырдаалды жоюуда жана алгачкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин берүүгө милдеттүү.

4. Маалыматка карата ушул беренеге ылайык белгиленүүчү кайсы болбосун талаптар көмөктөшүүчү субъекттерге карата административдик жүк зарыл минимумга жеткириле тургандай түрдө түзүлүшү керек.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-35)
