# 31-берене. Транзиттик жеңилдиктерди алуу укугу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 31-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-31

---

1. Эл аралык персонал, жабдуу предметтери, жабдуулар чукул кырдаалдан жабыр тарткан өлкөгө жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен кетип жаткандыгы тууралуу берилген билдирменин негизинде эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер транзиттик жеңилдиктерди алат.

2. Иш жүзүндө жасалган же көздөлгөн алдамчылык учурунда же болбосо улуттук коопсуздукту же саламаттык сактоону камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик орган кайсы болбосун эл аралык көмөктөшүүчү субъектке транзиттик жеңилдиктерди берүүдөн баш тарта алат.

3. Баш тартуу сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-32)
