# 27-берене. Транспорттук каражаттарды пайдаланууда көмөк көрсөтүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 27-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-27

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында, көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан чыгуучулар тарабынан эл аралык жана жергиликтүү персоналдарды, товарларды, жабдуу предметтерин же жабдууларды ташуу үчүн пайдаланылуучу, кургактагы же абадагы транспорт каражаттары:

1) жолдо жүрүүдө жана зарылдык болгон учурда абада учуу маршруттарын салууда жана конууга уруксат алууда артыкчылыктан пайдаланат;

2) төлөмдөрдөн, анын ичинде аймак үстүнөн учуп өтүү, учуп чыгуу, конуу, токтоп туруу жыйымдарынан, туруп калгандык үчүн навигациялык жыйымдардан, темир жол бекеттеринде жана жүк түшүрүү жайларында вагондордун туруп калгандыгы үчүн жыйымдардан, жол жыйымдарынан бошотулат;

3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана саламаттыкты сактоону камсыз кылуу максатында зарыл болгондордон башка, келүүсүнө, учуп өтүүсүнө, конуусуна, жүрүүсүнө жана кайра кетүүсүнө карата бардык тыюу салуулардан, чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан бошотулат.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-28)
