# 24-берене. Телекоммуникациялык жабдуулар

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 24-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-24

---

1. Көмөктөшүүчү субъекттерге, Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти сактоо максатында чектөөлөр киргизилген учурларды кошпогондо, чукул кырдаалдарды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүүгө арналган телекоммуникациялык жабдууларды чектөөсүз алып келүүгө уруксат берилет.

2. Электрондук жана почта байланыштары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, көмөктөшүүчү субъекттерге чукул кырдаалга реакция жасоонун жергиликтүү кызматтарынын деңгээли менен теңдеш артыкчылык деңгээли берилет.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-25)
