# 22-берене. Чукул кырдаалда жабыр тарткан райондорго жана калкка жетүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 22-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-22

---

Көмөктөшүүчү субъекттердин эл аралык персоналынын чукул кырдаалда жабыр тарткан, чукул кырдаалды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам талап кылынган райондорго жана калкка жетүүсүнө ушул Мыйзамда баяндалган координацияга карата талаптар жана конкреттүү чукул кырдаалдагы зарылдыкты эсепке алуу менен кабыл алынган, улуттук коопсуздуктун, коомдук тартипти жана саламаттык сактоону күзөттөөнүн жоболорунан келип чыгуучу чектөөлөр сакталганда уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-23)
