# 20-берене. Айрым көмөктөшүүчү субъекттердин укуктук жеңилдиктерди алуу укугун таануу жана алардын укуктук статусу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 20-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-20

---

Укуктук жеңилдиктерди алуу укугуна ээлик кылуучу катары эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин укуктук статусу анын эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө өз функцияларын жана милдеттерин аткарууда талап кылынышы мүмкүн болгон укук жөндөмдүүлүгүн камтыйт, анын ичинде: эл аралык көмөктөшүүчү субъект өз менчигиндеги обочолонгон мүлккө ээ болот, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылууга, банк мекемелеринде эсептешүүчүлүк жана башка эсептерге ээ болууга, жергиликтүү персоналды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте жалдоого жана бошотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-21)
