# 19-берене. Көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жеңилдиктерди берүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 19-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-19

---

1. Укуктук жеңилдиктер Көмөктөшүүчү субъекттерге гана берилет жана эл аралык чукул жардам көрсөтүү жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү мезгилдеринин ичинде гана колдонулат.

2. Укуктук жеңилдиктерди пайдалануучу, көмөктөшүүчү субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына алар тарабынан алып келинип жаткан бардык товарлар, жабдуу предметтери жана жабдуулар эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө гана арналган жана ушул Мыйзамда жана товарлардын сапатын жана алардын адам ден соолугуна коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берет деп жазуу жүзүндө билдирме берүүгө;

2) өздөрүнүн жүктөрүн Кыргыз Республикасында колдонулган мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык таңгактоону, классификациялоону жана маркалоону жүргүзүүгө;

3) болжолдонуп жаткан учуу маршруту, аба кемесинин тиби жана чакырма коду, экипаждын мүчөлөрүнүн саны, жүктүн мүнөзү, учуулардын ырааттамасы жана бардык жүргүнчүлөрдүн тизмеси тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала маалымдоого жана алардын аба кыймылын башкарууга жана конуу жол-жоболоруна тиешелүү болгон көрсөтмөлөрүн аткарууга;

4) Кыргыз Республикасынын жарандарынын же анын аймагында туруктуу жашаган адамдардын арасынан жергиликтүү персоналды жалдоодо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарын сактоого.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-20)
