# 18-берене. Пайдаланууга жараксыз товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 18-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-18

---

1. Көмөктөшүүчү субъекттер эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн алып келген, жараксыз болуп чыккан же пайдаланууга жараксыз болуп калган кайсы болбосун товарлар, жабдуу предметтери же жабдуулар, ошондой эле кайсы болбосун башка калдыктар, анын ичинде чукул кырдаалды жоюу боюнча операциянын же баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө чыккан кооптуу калдыктар Кыргыз Республикасынын пайдаланууга жараксыз товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте ташып чыгарыла, жок кылына, кайра иштетиле тургандыгына же башкача түрдө коопсуз, экологиялык жактан зыянсыз жана натыйжалуу ыкма менен утилдештириле тургандыгына жазуу жүзүндө кепилдиктерди берүүгө милдеттүү.

2. Ташып чыгаруу, жок кылуу, кайра иштетүү, утилдештирүү тийиштүү субъекттин өз эсебинен жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасына кандайдыр бир чыгымдарды алып келбейт.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-19)
