# 17-берене. Товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 17-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-17

---

1. Товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүнө карата колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге туура келиши, жабыр тарткан калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн, табигый кырсыктарга реакция жасоонун минималдык стандарттарына туура келиши керек.

2. Эгерде көмөктөшүүчү субъект түзүлгөн жагдайлардан улам ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун сактоону камсыз кылууга жасалган кайсы болбосун аракеттер мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болуп жатат деп эсептесе, тиешелүү көмөктөшүүчү субъект ал берип жаткан товарлар, жабдуу предметтери, жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр чукул кырдаалда жабыр тарткандардын керектөөлөрүнө жана жашоо шарттарына туура келе тургандыгына жана алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кыла тургандыгына жазуу жүзүндө кепилдик берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-18)
