# 14-берене. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин ыкчам аракеттерин координациялоо

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 14-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-14

---

1. Чукул кырдаалдагы аракеттердин планын жана чукул кырдаалды жоюу жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча ыкчам күч-аракеттерди координациялоонун механизмдерин иштеп чыгууда мамлекеттик органдар эл аралык көмөк көрсөтүүчү уюмдарга жардам же консультация сурап кайрылууга укуктуу.

2. Чукул кырдаалда жабыр тарткан калктын зарыл керектөөлөрүнүн жана коомдук тартипти жана саламаттык сактоону, ошондой эле координацияны жана көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон сактык чараларынын ортосунда балансты бир убакта издөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтө турган зарыл шарттарды түзөт.

3. Эл аралык чукул жардамды көрсөтүүдө эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешет жана кызматташат.

4. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер, зарылдыгына жараша, чукул кырдаалда жабыр тарткан калктын керектөөлөрү жөнүндө, эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча операциялар жүргүзүлө турган жер, алардын түрлөрү жана масштабы жөнүндө маалымат берип турат, бул болсо чукул кырдаалга координацияланган жана натыйжалуу реакция жасоону камсыз кылуу үчүн зарыл.

5. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин иш-аракетинин жүзөгө ашырылышын натыйжалуу координациялоону жана мониторингдөөнү камсыз кылуунун зарылдыгын эсепке алуу менен, алардын ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткан иш-аракетине кызмат адамдарынын тоскоолдук кылууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-15)
