# 12-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин функциялары жана ыйгарым укуктары

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 12-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында келип чыккан чукул кырдаалга реакция жасоо үчүн негизги жоопкерчиликти тартат.

2. Көмөктөшүүчү субъекттердин ролу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракеттерин толуктоодо жана кеңейтүүдө турат.

3. Кыргыз Республикасы эл аралык чукул жардамды жүзөгө ашырып жаткан көмөктөшүүчү субъекттердин ишин коргоону кепилдейт жана камсыз кылат.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аракеттенген эл аралык персоналдын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылат.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам жаатында төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

2) көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жана транзиттик жеңилдиктерди берүү тартибин аныктайт;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, бул иш-аракеттин артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктайт;

4) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылат;

5) ушул Мыйзамдын негизинде, эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат;

6) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан сунушталган долбоорлор, гранттар жана программалар боюнча чечимдерди чыгарат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам жаатындагы мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-13)
