# 11-берене. Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун эл аралык чукул жардам көрсөтүүсүнүн айрым өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 11-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун Уставында баяндалган ушул уюмдун ишинин негиз болуучу принциптерине жана көмөкчү ролуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коому кайсы болбосун учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай эл аралык кыймылынын кайсы болбосун чет өлкөлүк курамдык бөлүктөрүнө чукул кырдаалды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө ал көрсөтүп жаткан жардамга кошумча түрдө жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап менен кайрыла алат.

2. Эгерде эл аралык чукул жардам берүү жөнүндө жалпы суроо-талап жөнөтүлө элек болсо, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун жардам берүүсүн эсепке алуу менен, чукул кырдаалды жоюу жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча эл аралык жардамды көрсөтүү мезгилдеринин башталыш датасын белгилөөгө укуктуу.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-12)
