# 10-берене. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуу

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112651)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 167 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112651); 17.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 10-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-10

---

1. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муктаждыктарга жана башка маалыматтарга, ошондой эле эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен консультациялардын жыйынтыктарына акыркы баа берүүгө таянуу менен, баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардамга муктаждык жоюлгандыгына ынанса, жардам көрсөтүү боюнча утурумдук жумушка кандайча таасир кыларын эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасын белгилөөнүн зарылдыгы тууралуу кабарлайт.

2. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы көмөктөшүүчү субъекттерге аны токтотуунун болжонгон убактысына чейин 30 күндөн кечиктирилбестен кулактандырылат.

3. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди болтурбоо үчүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы кулактандырылгандан кийин, жардам көрсөтүү боюнча жумушка жигердүү тартылган көмөктөшүүчү субъекттер менен консультацияларды мезгил-мезгили менен өткөрүп турат.

4. Министрлер Кабинети өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жана башка чукул жардамдарды көрсөтүү мезгили аяктагандан кийин алты айдын ичинде Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын дарегине келип түшкөн эл аралык жана башка чукул жардамдарды пайдалануу тууралуу отчетту Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.

(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107, 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-11)
