# 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты, негизги милдеттери жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Эл аралык чукул жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111607)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 104 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607#diff=1271865..1271866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2418/edition/1271864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111607/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык чукул жардам жөнүндө, 1-берене (08.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-1

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты эл аралык чукул жардамдын көмөктөшүүсүнө жана жөнгө салынуусуна тиешеси бар жол-жоболорду, тартипти, функцияларды, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти түзүү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү демилгелөө, координациялоо жана токтотуу тартибин белгилөө;

2) эл аралык чукул жардамга ылайык келүүгө тийиш минималдуу талаптарды аныктоо;

3) чукул кырдаалга туш болгон башка өлкөлөргө эл аралык чукул жардамдын транзитинин жол-жоболорун аныктоо;

4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүсүнүн тартибин аныктоо.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында чукул кырдаал келип чыккан учурда эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн, чет мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жабыр тарткан өлкөгө транзит менен жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук, уюштуруучулук, социалдык негиздерин аныктайт.

Мыйзам эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелерине Кыргыз Республикасынын тутумдук мамиле жасоосун камсыз кылууга, эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге мамлекеттик колдоону кепилдөөгө чакырылган. Ушул Мыйзам куралдуу жаңжалдардын шартында же куралдуу жаңжал келип чыккан мамлекеттин аймагында пайда болгон чукул кырдаалдын шартында колдонулбайт. Мындай шарттардагы эл аралык жардам көрсөтүү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111607/st-2)
