1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты, негизги милдеттери жана колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 08.04.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107
1. Ушул Мыйзамдын максаты эл аралык чукул жардамдын көмөктөшүүсүнө жана жөнгө салынуусуна тиешеси бар жол-жоболорду, тартипти, функцияларды, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти түзүү болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү демилгелөө, координациялоо жана токтотуу тартибин белгилөө;
2) эл аралык чукул жардамга ылайык келүүгө тийиш минималдуу талаптарды аныктоо;
3) чукул кырдаалга туш болгон башка өлкөлөргө эл аралык чукул жардамдын транзитинин жол-жоболорун аныктоо;
4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүсүнүн тартибин аныктоо.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында чукул кырдаал келип чыккан учурда эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн, чет мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жабыр тарткан өлкөгө транзит менен жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук, уюштуруучулук, социалдык негиздерин аныктайт.
Мыйзам эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелерине Кыргыз Республикасынын тутумдук мамиле жасоосун камсыз кылууга, эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге мамлекеттик колдоону кепилдөөгө чакырылган. Ушул Мыйзам куралдуу жаңжалдардын шартында же куралдуу жаңжал келип чыккан мамлекеттин аймагында пайда болгон чукул кырдаалдын шартында колдонулбайт. Мындай шарттардагы эл аралык жардам көрсөтүү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 ноября 2022 года № 107 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международной чрезвычайной помощи"Редакцияларды салыштыруу
17.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…колдонулбайт. Мындай шарттардагы эл аралык жардам көрсөтүү эл аралык алынып салынды: гуманитардык укуктар же мамлекеттин мыйзамдары кошулду: укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 138 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 14.03.2022 · № 138 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111607/st-1" title="1-берене - Эл аралык чукул жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>