# 9-берене. Илим системасы

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 9-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-9

---

1. Илим системасына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

2) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдар;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;

5) илимий кызматкерлер.

2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайларынын илимий бөлүмдөрү, тармактык жана тармактар аралык илимий-изилдөө уюмдары, илимий борборлор жана технопарктар, технополистер, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станциялары, илимий базалар, станциялар жана лабораториялар кирет.

3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыяктуу эле, мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдар, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде биргелешкен уюмдар иштеши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-10)
