# 7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик илимий-техникалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 7-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) илимди, техниканы, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешкен уюмдарды түзөт жана жоёт;

3) илимди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;

4) илимий изилдөөлөрдү аткаруунун мониторингин жана баалоону жүзөгө ашырат;

5) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук жана укуктук механизмдерди түзөт;

6) илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;

7) илимий-техникалык потенциалды түзүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;

8) илимдин заманбап инфратүзүмүн түзөт, илимий жана илимий-техникалык кадрларды даярдоону координациялайт, аларды укуктук жана социалдык коргоону, илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясын камсыз кылат,

9) илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт;

10) илимди, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстарды топтоону камсыз кылат;

11) илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтууга көмөк көрсөтөт;

12) илимий-техникалык чөйрөдө статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштурат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-8)
