7-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик илимий-техникалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) илимди, техниканы, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитет;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешкен уюмдарды түзөт жана жоёт;
3) илимди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;
4) илимий изилдөөлөрдү аткаруунун мониторингин жана баалоону жүзөгө ашырат;
5) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук жана укуктук механизмдерди түзөт;
6) илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;
7) илимий-техникалык потенциалды түзүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;
8) илимдин заманбап инфратүзүмүн түзөт, илимий жана илимий-техникалык кадрларды даярдоону координациялайт, аларды укуктук жана социалдык коргоону, илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясын камсыз кылат,
9) илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт;
10) илимди, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстарды топтоону камсыз кылат;
11) илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтууга көмөк көрсөтөт;
12) илимий-техникалык чөйрөдө статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштурат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-7" title="7-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>