# 5-берене. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 5-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-5

---

Мамлекеттик илимий-техникалык саясат төмөнкү принциптерге негизделет:

1) илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык жана руханий өнүгүшү менен тыгыз өз ара байланышы;

2) илим системасын башкаруунун ачыктыгы;

3) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

4) илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуулугу;

5) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун тең шарттарын камсыз кылуу;

6) экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, техникалык чыгармачылыкты жүйөлөө жана дем берүү;

7) илимий жана илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык формаларынын тең укуктуулугу;

8) илимий, билим берүү жана өндүрүштүк потенциалдын биримдиги жана интеграциясы;

9) илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттеринин мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусу;

10) илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу;

11) илимий-техникалык маалыматты таратуунун жана илимий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоонун эркиндиги.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-6)
