# 32-берене. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 32-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-32

---

1. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык программаларды жүргүзүү;

2) биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъекттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга интеллектуалдык менчик укугунун объекттерин пайдалануу;

3) өз ара илимий-техникалык маалымат алмашуу, мамлекеттер аралык бириктирилген маалымат фонддорун, маалымат банктарын пайдалануу;

4) эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;

5) өз ара илимий-техникалык жана окутуучу кадрлар, студенттер жана аспиранттар менен алмашуу, адистерди биргелешип даярдоо.

2. Илимий-техникалык иштин субъекттери эл аралык программаларды аткарууга катыша жана чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди түзө алышат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдорго, ассоциацияларга жана бирикмелерге алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша, чет өлкөлүк уюмдар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган мамлекеттик илимий уюмдардын эл аралык илимий ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-33)
