32-берене. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык программаларды жүргүзүү;
2) биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъекттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга интеллектуалдык менчик укугунун объекттерин пайдалануу;
3) өз ара илимий-техникалык маалымат алмашуу, мамлекеттер аралык бириктирилген маалымат фонддорун, маалымат банктарын пайдалануу;
4) эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;
5) өз ара илимий-техникалык жана окутуучу кадрлар, студенттер жана аспиранттар менен алмашуу, адистерди биргелешип даярдоо.
2. Илимий-техникалык иштин субъекттери эл аралык программаларды аткарууга катыша жана чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди түзө алышат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдорго, ассоциацияларга жана бирикмелерге алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша, чет өлкөлүк уюмдар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган мамлекеттик илимий уюмдардын эл аралык илимий ишинин натыйжалары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-32" title="32-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>