# 30-берене. Колдонмо илимий изилдөөлөрдү, долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө пайдалануу

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 30-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-30

---

1. Өндүрүштү реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияны түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири таркатууга багытталган колдонмо инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.

2. Илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча колдонмо илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.

3. Мамлекет өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын ички жана тышкы рыноктун талаптарына ылайык жогорулатууга, ресурс сактоочу экологиялык коопсуз технологияларды жана техниканын жаңы түрлөрүн курууга жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөк көрсөтөт.

4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, мамлекеттик заказдарды жана экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү жолу менен колдоого алынат.

5. Мамлекет илимий изилдөөлөрдүн кадыр-баркынын коомдук таанылуусуна, эмгектин жана квалификациянын сапатына жараша материалдык жана моралдык дем берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-31)
